Эл аралык каржы уюмдар Кыргызстанга жардам көрсөтүшөт

28.10.2019, 09:03 Акчабар
Эл аралык каржы уюмдар Кыргызстанга жардам көрсөтүшөт

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Эл аралык каржы уюмдарынын жеткечилери менен бир катар жолугушууларды өткөздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. 

Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыл сайын өтө туруучу башкаруучулар кеңешинде каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Дүйнөлүк банктын, Эл аралдык валюта фондунун, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жана Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу, 2040 – жылга чейин Өлкөнү улуттук өнүктүрүү стратегиясы ири долбоордун алкагында аткарылуучу долбоорлорду каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.  

Андан сырткары, министр Швейцария, Индия, Польша, Латвиянын  каржы министрлери жанан Россиянын каржы министринин орун басары менен жолугушуу өткөрүп, мамлекеттер аралык кызматташтыкты улантуу боюнча пикир алмашуулар болду. 

Тэги: международные доноры финансовая помощь проекты Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу