Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен суу коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоорду талкуулады

23.09.2021, 11:30 Акчабар
Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен суу коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоорду талкуулады

Дүйнөлүк банк "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту калыптандыруу үчүн суу коопсуздугун камсыз кылуу" долбоорун ишке ашырууну карап жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын өкүлү менен Айыл, суу чарба жана өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигинин жолугушуусунда белгилүү болду.

Мекемеде белгиленгендей, тараптар ирригациялык жана дренаждык системалардын инфраструктурасына, суу менен жабдуу жана канализация системаларына артыкчылыктуу инвестицияларды бекитүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алар Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарындагы ирригациялык схемалардын техникалык-экономикалык негиздемеси/деталдуу долбоорлоо боюнча иштин көлөмү тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары, тараптар суу менен жабдуу жана канализацияга инвестиция үчүн деталдуу долбоорду даярдоону башташат.

Тэги: Минсельхоз Всемирный банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу