Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамы ажыратылып, ага Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган алты күнөөнүн бешөөнө негиз бар деп Башкы прокуратура негиздеме берген соң, Кой-Таштагы үйүндө элди чогултуп, нааразычылык акцияларын уюштуруп, учурдагы бийликти тааныбайм деп чыкты. Бүгүн, 3-июнда митинг уюштурууга камынганы Бишкектеги бизнести чоочулатууда деп жазышкан социалдык тармактын айрым колдонуучулары.
Бишкек шаарындагы бизнес 2005-2010-жылдары эки тополоңдун залакасын көргөндүктөн, массалык тынчытык митингдери деле бизнести чоочулатат. Социалдык тармактын колдонуучулары «Дордой Плаза — 2» соода борбору шашылыш түрдө ролл-штор орноткону кабарланган.
«Салымбеков биз билбеген нерсени билеби?»-деп суроо салган Максат Чаки деген соцциалдык түйүндүн колдонуучусу