Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоорлору экинчи окууда талкууланып жаткан учурда депутат Айбек Осмонов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2020-жылы канча каржылык мыйзам бузуу аныкталганына кызыкты.
Эсеп палатасынын өкүлү 37,3 млн сом көлөмдөгү каржылык мыйзам эсептелгенин айтып: “Анын ичинен 24,3 млн сом калыбына келтирилиши керек болчу. Бирок аудиттин жүрүшүндө 13 млн сом гана калыбына келтирилген”, – деди.
Белгилей кетсек, муну менен катар “Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да экинчи окууда каралууда.
Белгилүү болгондой, 2020-жыл үчүн аталган фонддун бюджеттик параметрлери кирешелер боюнча 16 009,8 млн. сом жана чыгашалар боюнча 16 009,8 млн.сом суммасында белгиленген.