Муфтият 2023-жылга карата зекет баасын жарыялады

14.03.2023, 16:01 Акчабар
Муфтият 2023-жылга карата зекет баасын жарыялады

Муфтият 2023-жылга карата зекет баасын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ар бир адам байлыгынын кырктан бир (40/1) бөлүгүн зекетке берет. Башкача айтканда 2.5%ын бериши керек.

Зекеттин өлчөмү алтын эсебинде 20 алтынга (мискалга) барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 грамм алтынга туура келет. Ал эми күмүштүн өлчөмүнө караганда  595 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы  2890 сом. Ал эми 1 грамм уютулган күмүштүн баасы 53 сом. 

"Алтындын баасында эсептегенде 85 грамм алтынды (585-проба менен)  2890 сомдон эсептегенде  245 650  сом болуп, анын кырктан бири  6142 сом болот. Күмүштүн баасы менен эсептегенде 595 грамм күмүштү (орто эсеп менен) 53 сомдон эсептегенде 31535 сом болуп, анын кырктан бири 789 сом", - деп айтылат маалыматта. 

Жогоруда аталган зекет төрт нерседен алтындан, күмүштөн, нак акчадан, товарлардан берилет.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу