Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындагы сүт иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

08.02.2020, 12:00 Акчабар
Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындагы сүт иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүт иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кубаттуулугу жумасына 150 тонна сүт иштетүүчү завод КР өкмөтүнүн колдоосу менен курулуп, региондун социалдык-экономикалык өүгүшүнө чоң салым кошуп келет.

Өкмөт башчы белгилегендей, Нарын облусунун мал чарбасындагы потенциалын эске алганда, аймакта мындай ишкананын ачылышы өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп саналат.

Чийки заттын жетишсиздигинен ишкана толук күчүндө иштей албай жаткандыгын эске алуу менен, Мухаммедкалый Абылгазиев заводду чийки зат менен керектүү көлөмдө камсыздоо тууралуу план иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мурункудай эле жерлердеги ишканаларга колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Тэги: завод нарын мухаммедкалый абылга

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу