Мыйзамсыз жарнак тактасын илгендерге 405 миң сом айып салынды

13.03.2024, 12:45 Акчабар
Мыйзамсыз жарнак тактасын илгендерге 405 миң сом айып салынды

Кыргызстандын аймагында “Жарнама тактасы” аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Рейд учурунда жол жээктерине тийиштүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын орнотуп алган 204 жаран аныкталып, аларга жалпысынан 405 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле 151 жаранга мындай фактыларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

"Жарнама тактасы" рейди ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган. Максаты жол жээгиндеги башаламан көрүнүштөргө жол бербөө жана “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамынын тийиштүү талаптарын аткаруу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу