Кыргызстан ушул аптада 8 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясын экспорттоду

17.05.2023, 12:05 Акчабар
Кыргызстан ушул аптада 8 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясын экспорттоду

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 2023-жылдын 4-12-май айына карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 8 миң 039 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин сайтында маалымдалды.

Алсак, Чүй облусунан 5 миң 034,8 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 324 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан жашылчалар 2811,9 тоннаны түзгөн жана Россия, Казакстан, Польша, Украина өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Ош облусунан 1 миң 703,5 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 96 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан жашылчалар 556,4 тоннаны түзгөн жана Россия, Өзбекстанга жеткрилиген.

Талас облусунан 799,63 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 61 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 582,6 тоннаны түзүп, Россия, Сербия, Иран, Болгария, Турция Казакстан, Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Баткен облусунан 385 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 16 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан жүгөрү 180 тоннаны түзүп, Өзбекстанга ташылган.

Мындан тышкары  Жалал-Абад облусунан 66,3 тонна пахта буласы Россия өлкөсүнө жана кургатылган 20,3 тонна алма Германияга экспорттолгон. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан 455 даана көчөттөр Казакстан мамлекетине экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин тыкыр текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардан үлгүлөр алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Тэги: экономика новости Кыргызстана сельхозпроизводители экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу