Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун акчасына Жети-Өгүз районунда 300 жумушчу орунга ылайыкташкан тигүү фабрикасы курулду. Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын базарларына продукциясын экспорттогон ишканага Садыр Жапаров барганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кийим тигүү фабрикасы - "Азиар Фэшн" ири текстиль ишканасынын филиалы болуп саналат.
Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөдө тигүү тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттар бар.