31-январда Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен эки бүтүм катталды.
Соода экинчилик рынокто өтүп, бул баалуу кагаздардын пакети акционерлердин бири тарабынан сатылган.
Аукциондо жалпысынан “Кыргызнефтегаздын” 2 миң 683 жөнөкөй акциясы сатылды. Бир нускасынын баасы 250 сом. Ошентип бүтүмдүн жалпы суммасы 670 миң 750 сомду түздү.