17-февралда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Манас” эл аралык аэропортунун акциялары боюнча ири бүтүмдөр катталды. Бул тууралуу маалымат аукциондун жыйынтыгында бар.
Жалпысынан беш бүтүм жүргүзүлүп, жыйынтыгында 5 миң 515 нуска 4 млн 413 миң сомго сатылган. Акциялардын баасы 830-800 сомго чейин өзгөрдү.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын декабрь айынын ортосунан бери аэропорттун баалуу кагаздарынын баасы 15,7%га төмөндөгөн.