«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетинде чек ара кызматкерлери тарабынан аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизилген жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда Кытай өлкөсүнөн «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетине чиркегичи бар «Volvo» үлгүсүндөгү унаа келген. Унааны текшерүүдө тиешелүү документтери жок жүк табылган.
Анын жалпы салмагы 2 тоннаны түзгөн.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин унаанын айдоочусу жана жүк Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.