2021-жылдын экинчи кварталынын аягында кыргызстандыктар социалдык тармактарга 4,1 миллион сом, ал эми онлайн оюндарга 25,3 миллион сом коротушкан. Бул тууралуу улуттук банктан билдиришти.
Дээрлик 231 миллион сом Кыргыз Республикасынын интернет-дүкөндөрүнөн соода-сатыкка жумшалды, 119 миң сатып алуу жүргүзүлдү.
Башка интернет-тиркемелерде эсепти толуктоо дээрлик 2,3 миллион сомго жетти.