Министрлер кабинети маданият тармагын колдоого мамлекеттик бюджеттен 673,5 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Белгиленгендей, бөлүнгөн каражат өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана өнүктүрүүгө, профессионалдык искусствону колдоого, ошондой эле маданият жана искусство мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоого жумшалат.
Каражат бөлүү чечими өлкөнүн маданиятына мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана искусствону рынок шартына ылайыкташтыруу үчүн кабыл алынган.