Кыргызстанда ирригациялык тутумду оңдоп-түзөө үчүн 650 млн сом керектелет. Бул тууралуу ЖК агрардык саясат боюнча комитеттин жыйынында Айыл чарба министрлигинин өкүлү Кокумбек Таштаналиев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы ирригациялык каналдарды тазалооо жана оңдоп-түзөөгө 162 млн сом каралган, анын ичинен 30 млн сому бөлүнгөн.
«Калган каражаттар 2021-жылдын 1-майына чейин бөлүнөт», — деп билдирди Таштаналиев.