2019-жылы жолдорду оңдоо жана кароо үчүн 1,9 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу«Кабар»агенттигиндеги маалымат жыйында транспорт министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.
Ал белгилендей, «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2019-жылы 1 млрд 818 млн сом каралган.
«Республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2019-жылы жол инфраструктура объекттерин каржылоого 1 млрд сом каралган. Ошондой эл өкмөттүн буйругу менен «Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык» жана «Ак-Сай – Рават» жолдорунун курулушун улантууга кошумча 150 млн сом бөлүнгөн», - деди ал.
Андан тышкары, Лейлек районундагы Кулунду-Арка 1,5 жолуна 18 млн сом, ошондой эле жол инфраструктура объекттерин каржылоого кошумча 650 млн бөлүнгөн.