Премьер-министр: “Авариялык абалдагы жана контейнер, палатка мектептер биздин өлкөдө болбошу керек”

26.09.2019, 16:15 Акчабар
Премьер-министр: “Авариялык абалдагы жана контейнер, палатка мектептер биздин өлкөдө болбошу керек”

2017-2018 – жылдары КР 243 билим берүү объектилери курулду. Анын ичинен 121 мектеп жана спорт залдары, 122 бала-бакча курулган. Жалпысынан курулуш объектилерине 5.2 млрд. сом которулган. Бул тууралуу билим берүү объектилеринин курулуш иштери тууралуу талкуу жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Анын айтымында, 2019 – жылы 46 билим берүү объектилери курулган. Анын ичинен 28 мектеп, 19 бала-бакча болгон. 
 

Авариялык абалдагы жана контейнер, палатка мектептер биздин өлкөдө болбошу керек. Бүгүнкү күндө мындай мектептердин саны 17ни түзөт. Бул мектептерди жаңыртуу үчүн тезинен курулуш иштерин баштоо жана каржы маселесин чечүү керек. Өлкөдө бир дагы авариялык абалдагы мектеп болбош үчүн бюджеттин тартыштыгына карабастан, биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшайбыз жана бул иштер биринчи кезекте аткарылышы кажет”, – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

 

Тэги: средняя школа строительство правительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу