“Дастан” ишканасынын директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Алар: Нурдин Абдылдаев, Чыныбек Анарбек уулу жана Абдинабий Алиев. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Мындай чечим акционерлердин 15-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынганы белгилүү болду. Ал эми директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү болуп Нурдин Абдылдаев, Аскат Жунушев жана Сталбек Кадыралиев шайланды.
Белгилеп кетсек, компаниянын 98,46% акциясы мамлекетке тиешелүү. Акциянын контролдук пакетин башкаруу жакында эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.