Улуттук маданий борбор "Урааным Манас" театралдык маданий иш-чарасын даярдоо жана өткөрүү боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин жалпы суммасы 13 миллион 740 миң сомду түзөт.
Бул сумманын 10 миллион 40 миңи саамалыктын өзүнө жумшалат, калган акча көркөм жасалгалоого кетет.
Белгиленгендей, "Урааным Манас" иш-чарасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.