Улуттук банк эртеңки күнгө карата валюталардын курсун жаңылады. Рубль, доллар, евро жана теңге төмөндөдү

22.03.2022, 16:12 Акчабар
Улуттук банк эртеңки күнгө карата валюталардын курсун жаңылады. Рубль, доллар, евро жана теңге төмөндөдү

Улуттук банк 23-мартка карата валюталардын расмий курсун жаңылады. Жарыяланган маалыматтарга караганда, сом бардык негизги валюталарга карата бекемделди.

Алсак, орус рубли башкаларга караганда көбүрөөк төмөндөп, бир күндө сомго карата 10,63%га арзандап, 0,9241 сомго чейин төмөндөдү. Андан кийин евро 3,47%га (109,9322 сомго чейин) жана теңге 3,04%га (0,1976 сомго чейин) төмөндөдү. Сом долларга карата 2,93%га гана бекемделип, 99,8748 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда доллар 99 сомдон сатылса, элден (эң жакшы курс) 97 сомдон сатып алынууда.

Тэги: официальный курс валют рубль евро доллар США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу