Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 42 млрд сомдон ашты

20.07.2023, 12:49 Акчабар
Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 42 млрд сомдон ашты

Июндун аягында Улуттук банктын активдери 395 миллиард 127,7 миллион сомго бааланган. Жыл ичинде алар жалпысынан 76 миллиард 977,3 миллион сомго көбөйгөн.

Көбүрөөк даражада өсүш алтындагы ресурстардын, монетардык эмес алтындагы жана баалуу металлдын запастарынын көбөйүшү менен камсыз кылынат. Жалпысынан асыл металл регулятордун активдерине 110,2 млрд кошуп, 248 млрд 877,3 млн сомго бааланган. Бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жалпы ресурстарынын 63%ын түзөт.

Алтындагы активдер июнь айынын акырына карата 89 миллиард 792,3 миллион сомду (жыл ичинде 1,9 эсеге көбөйгөн), монетардык эмес алтындагы жана баалуу металлдар боюнча запастар 159 миллиард 85 миллион сомду түздү (1,74 эсеге көбөйдү).

Мында, Улуттук банктын банктык эсептериндеги, материалдык эмес жана башка активдериндеги акча каражаттарынын көлөмү кароого алынып жаткан мезгилде кыскарган, бул акыркы өсүшкө таасирин тийгизген. 

Тэги: новости Кыргызстана золото Нацбанк КР активы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу