«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүлүлөр киргизилиши мүмкүн

24.04.2020, 09:45 Акчабар
«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүлүлөр киргизилиши мүмкүн

Улуттук банк тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор иштелип чыкты. Сунушталган өзгөртүүлөр коммерциялык банкты микрофинансылык компанияга кайра каттоо боюнча жана башка талаптарды камтыйт. Бул тууралуу регулятордон билдиришти. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

Өкмөт тарабынан бекитилген Методикага ылайык, жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн.  

Долбоордогу өзгөртүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын мыйзам талаптарына, атап айтканда, Жоруктар жөнүндө кодексинин, Бузуулар жөнүндө кодексинин, «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Эгерде долбоорго карата кандайдыр бир сунуш-пикир болсо  2020-жылдын 22-майынан кечиктирбестен mtatybekova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл. 

 

 

Тэги: Нацбанк КР микрофинансовые компании лицензия комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу