11-сентябрда жети жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Жылдык купондук ставка 7% түзөт. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Баалуу кагаздардын эсебинен бюджетке 700 млн тартуу пландалууда.
Мындан сырткары, 100 млн сом өлчөмүндөгү 12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча дагы аукцион өткөрүлөт.