Улуттук банктын кирешеси 290 млн сомго азайды

24.01.2024, 12:50 Акчабар
Улуттук банктын кирешеси 290 млн сомго азайды

2023-жылдын соңуна карата Улуттук банктын кирешеси 9,9 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 289,5 млн сомго аз. Бул тууралуу Улуттук банктын баяндамасында айтылат. 

Кирешенин төмөндөшү 2022-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырылган, 2022-жылы киреше 10,2 млрд сомду түзгөн. 

“Улуттук банктын кирешеси чет өлкө валютасы, алтын менен операциялардан алынган пайдадан, эл аралык резервдерди тескөөдөн, банктарга жана эл аралык уюмдарга кредиттерди берүү процессинде келип чыккан пайыздык кирешелерден жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана башка активдерге инвестициялоодон түшөт”,- деп белгиледи Улуттук банк. 

Улуттук банк пайда табуу максатын көздөбөй турганын кошумчалады.

Былтыр 2022-жылга салыштырмалуу пайданын төмөндөшү боюнча Улуттук банк тыянак чыгарууга эрте экенин айтып, так жыйынтык аудиттен кийин белгилүү болорун билдирди. 

Улуттук банктын чыгашаларына анын милдеттенмелери боюнча пайыздык төлөмдөр, анын ичинде ноталар, банктардын, башка финансы-кредиттик мекемелердин акчалары, ошондой эле Эл аралык валюта фондунун алдындагы милдеттенмелер кирет. Ошондой эле, алар резервдерди түзүүгө, банкнотторду жана монеталарды чыгарууга, административдик, комиссиялык жана башка чыгымдарды камтыйт.

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Нацбанк доходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу