Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. «Акчабардын» жеке булактары берген маалыматка ылайык, регулятор долларды 79,1 сом менен сатууда.
Кошумчалай кетсек, бул 2020-жылдын жылдын эсебинен онунчу ирет жүргүзүлүп жаткан интервенция. Буга чейин доллар 78.5 сом менен сатылып жатканда Улуттук банк кезектеги интервенцияны өткөргөн.
Азыркы учурда коммерциялык банктар калктан долларды 79.0 сом менен сатып алып, 79.3 сом менен сатышууда. Башка банктарда сатып алуу 78.8 сомго чейин төмөндөдү.