Эртең, 27-июнда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Улуттук банк банк тутумунан 20,2 миллиард сом алууну көздөп жатат.