Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Борбордук банктарынын ички аудиттери бригелешип кызматташат. Бул тууралуу Чолпо-Атадагы алтынчы Евразиялык аудиторлор Кеңешинде айтылды. Анда КР Улуттук банкынын төрагасы дагы катышып, мындан ары банктарды, ага туунду уюмдарды ички текшерүүгө алуу тууралу чечим кабыл алынды.
25-27-июнь аралыгында Чолпон Атага Евразия экономикалык биримдигинин аудиторлор Кеңеши чогулуп, анын алкагында Улутук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Азия банкынын Консультативдик кеңешинин башчысы, Германиянын Дойче Бундесбанкы менен Грузиянын Улуттук банкынын ички аудит кызматтары менен жолугушту.
Алтынчы кеңештин катышуучулары банктарды жөнгө салуудагы ички аудитордук текшерүү, персоналды, туунду компанияларды, аралыктан туруп аудит жасоо, акча-кредиттик саясатты анкытоо жана аны ишке ашыруу, ишмердикти көзөмөлгө алуу сыяктуу маселерди талкуулашты.
Жыйынтыгында келишимдерге кол коюлуп, эми Борбордук банктардын ичинде жасалган аудиттик текшерүүлөр боюнча маалымат алмашып, Евразиянын Борбордук банктар Кеңешине жасалган иштер боюнча отчет берүү каралды.