Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Анын ордуна Абдикарим Алимбаев дайындалды. Ал буга чейин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.