Улуттук банк тогуз алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотту

16.03.2022, 11:25 Акчабар
Улуттук банк тогуз алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотту

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн тогуз алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды. 

Борбордук банктын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан тартып 30-мартка чейин төмөнкү бюролордун лицензияларынын аракети токтотулду:

  • Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы; 
  • Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146, «С» дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ордо Финанс Плюс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 26-февралындагы № 6074 лицензиясы; 
  • Бишкек шаары, Киев көчөсү 49 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Нурислам Лтд» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-декабрындагы № 6034 лицензиясы; 
  • Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 278-үй, №1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азамат финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 11-октябрындагы № 6206 лицензиясы; 

Үстүбүздөгү жылдын 16-марттан 25-мартка чейин  төмөнкү лицензиялардын аракети токтотулду:

  • Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 176А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АЯТ НУР» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-июлундагы № 5983 лицензиясы; 
  • Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 166-үй, №35 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Рашидик» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 6206 лицензиясы; 
  • Чүй областы, Аламүдүн айылы, Түндүк айланма жолу (н/ж) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Исхак жана Исаак» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 6033 лицензиясы; 
  • Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Интегро Ко» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 23-октябрындагы № 5941 лицензиясы; 
  • Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 290 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Баймак Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 6104 лицензиясы. 

 

Тэги: Национальный банк КР обменные бюро лицензии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу