Бүгүн, 28-апрелде “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун акционерлери жалпы жылдык жыйынын өткөрүштү.
Жыйында бир катар маселелер, анын ичинде компаниянын 2022-жылы алган кирешеси жана чыгымы каралды.
“2022-каржы жылынын жыйынтыгы боюнча ишкана 1,7 миллиард сом зыян тартты”, - деп айтылат Кыргыз фондулук биржасынын расмий Telegram каналында.
"Кыргызстандын улуттук электр тармагынын" расмий сайтындагы 2022-жылдын төртүнчү чейрегиндеги иш-чаралар жөнүндө отчетуна ылайык, компаниянын таза зыяны 2021-жылдын аягында 2 миллиард 71 миллион сом, ал эми 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 340 миллион 752 миң сом деп бааланган.