Кыргыз, армян жана орус номерлерине Казахстанда тыюу салынат

04.07.2019, 10:06 Акчабар
Кыргыз, армян жана орус номерлерине Казахстанда тыюу салынат

Кыргыз, армян жана орус авто номерлерине  Казахстанда тыюу салынарын Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев  билдирди. Бул тууралуу  Tengrinews.kz  жарыялады. 

[news 15849]

 «Армения, Кыргызстан жана Россияда катталган авто унаалар Казахстанда жол эрежелерин одоно бузууда»-деп билдирген Казахстандын Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев. 

Жол эрежесин бузган чет элдик авто унаа ээлерине эч кандай чара көрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, Казахстанга кирген унааларды убактылуу катттоого алуу ченчими чыгарылды. 

 «Алар жеке ишкерлик жасашууда. Жургүнчүлөрдү  ташып келишип, акча табууда. Казахстанда он күндөн ашык жүргөн унааларга убактылуу каттоо алынышы керек. Эгер транзиттик болсо, 10 суткада Казахстандан чыгып кетет. Ал эми Казахстандыктарга дагы чет элдик номердеги автомобилди колдонбого чакырам»-деп билдирген Казахстандын ички иштер министри. 

Учурда бул маселе талкууга алынууда. Анткени Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин  эрежелери боюнча транспорттук каражаттар  жүрүүдө. Ал эми жогорудагы убактылуу  каттоого алуу үчүн  «Жол кыймылы тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул маселе жакын арада Казак Межилисинде пландык тартипте каралып, анда казак жарандарына чет элдик номер менен жүрүүгө тыюу салуу дагы каралат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу