Ноокаттагы бала-бакча 98.5% төмөн баада сатылып кеткен. Башкы прокуратура иш козгоду

24.11.2020, 14:55 Акчабар
Ноокаттагы бала-бакча 98.5% төмөн баада сатылып кеткен. Башкы прокуратура иш козгоду

Ноокат районунун айыл өкмөтү жана жер-агрардык реформа Борборунун жетекчилери,  кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланышып, 0.18 гектар муниципалдык бала-бакчаны болгону 60 миң сомго жеке менчикке мыйзамсыз сатып жиберишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүү учурунда бул бала-бакчанын рыноктук баасы 4 млн 129 миң сом турары анык болгон 

Белгилей кетүүчү нерсе, КР Мыйзамдарына ылайык, муниципалдык мекемелерди жеке менчикке берүүгө тыюу салынган. 

«Бул факт Кылымшытардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине 320-беренеге ылайык (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) катталды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.  

 

Тэги: Ноокат төмөн баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу