«Акчабар» маалымат агенттигинин эмгек жамааты Кыргызстандыктарды жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанайдын башаты болгон Нооруз майрамы менен куттуктайт. Ушул касиеттүү майрамда биз баарыңыздарга адам байлыгы - ден – соолукту, үй – байлыгы – наристенин күлкүсүн, жашоо байлыгы - бакытты, ыйман байлыгы - тазалыкты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты каалайбыз!
Улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер болсун, элибизге ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!