"Кепилдик фонд" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу 26-апрелде болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Күн тартибинде отчетторду бекитүү, аудитордун корутундусу, чыгымдардын сметасы сыяктуу каржы маселелерине тиешелүү 13 иш бар.
Чечүүнү талап кылган дагы бир маанилүү маселе – "Кепилдик фонд" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо.