Кыргызстандан Казакстанга 2020-жылдын январь-ноябрь айларында которулган каражаттын көлөмү 12.3% жогорулаган. Бул тууралуу Ranking.kz порталы маалымдады.
Өткөн жылдын 11 ай ичинде кыргызстандыктар коңшу Казакстанга 72 млн 237.4 миң доллар которушкан. 2019-жылы бул көрсөткүч 64 млн 369.9 миң долларды түзгөн. Муну менен ктаар, республика Казакстанда акча которуу боюнча топ-5 өлкөлөрдүн катарына кирген.
Кошумчалай кетсек, Казакстанда «Золотая Корона» акча которуу системасы аркылуу көбүрөөк акча которулат.