Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-апрель айларында 98,5 млрд сомду түздү. Анын 73,6 миллиарды өндүрүшкө тиешелүү экендигин Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Кайра иштетүү өнөр жайынын негизги (48,7 миллиард сом) үлүшүн негизги металлдарды өндүрүү ээлейт. 11,1 миллиард сомго азык-түлүк жана тамеки буюмдары өндүрүлгөн.
Резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү 6,7 миллиард сомду түздү.