Кыргызстанда баалуу кагаздар менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,7% га төмөндөдү

30.11.2020, 16:33 Акчабар
Кыргызстанда баалуу кагаздар менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,7% га төмөндөдү

23-ноябрдан 27-ноябрга чейинки соодалоонун жыйынтыгы боюнча соода көлөмү 1,7% га гана төмөндөп, 6,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти. 

Бир жуманын ичинде биржанын соода тутумунда корпоративдик сектордогу алты компаниянын баалуу кагаздары менен 39 бүтүм катталды.

 

"Соода-сатыктын жалпы түзүмүндө компаниялардын корпоративдик облигациялары менен бүтүмдөр басымдуулук кылган, алардын үлүшү жалпы соода көлөмүндө 79% түзүп, акциялар тиешелүүлүгүнө жараша 21% ээлеген. Фондулук биржада жигердүү соода операциялары жүргүзүлбөгөндүктүн натыйжасында, жылдын акырына байланыштуу, облигациялар жумасына биринчи кезектеги таасирин тийгизди жана экинчи рынокко", - дешет кыргыз фондулук биржасынын аналитиктери. 

Облигацияларды жайгаштыруунун көлөмүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында баштапкы рынок кыскарса, экинчи рынок, тескерисинче, өсүш көрсөткөн.

Тэги: ценные бумаги деньги инвестиции экономика Кыргызская фондовая биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу