Улуттук банктын маалыматы боюнча, августтун аягында коммерциялык банктардын жалпы депозиттик базасы 206,5 миллиард сомго жеткен.
Жалпы көлөмдүн 120,6 миллиард сому улуттук валютадагы депозиттер. Бир айда алардын көлөмү 4 миллиард сомго, ал эми жыл башынан бери 20,8 миллиард сомго көбөйдү.
Жыл башынан бери чет өлкөлүк валютадагы депозиттер 6,4 миллиард сомго көбөйүп, 85,9 миллиард сомго жетти.