Ушул жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 335,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,3%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
“Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү мезгил ичинде 308,9 млрд сомду түзүп, 3,9%га өстү.
ИДПнын өсүшү өнөр жай өндүрүшүнүн, курулуштун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшү менен камсыз кылынат.
“ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга – 48%, өнөр жайга – 21%, айыл чарбага – 9% жана курулушка – 5% туура келди”, - деди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева.