Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын биринин лицензиясын чакыртып алды. Бул тууралуу Улуттук банкы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары, 8-кичи район, 31 а корпус, 52-батир дарегинде жайгашкан "Эко Лайн Сервис" ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы жоюлду.
Бул мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу.