«Ас Салам» коомдук фонду тарабынан 560 кычкылтек концентраторлору келди

31.07.2020, 09:25 Акчабар
«Ас Салам» коомдук фонду тарабынан 560 кычкылтек концентраторлору келди

«Ас Салам» коомдук фонду тарабынан 560 кычкылтек концентраторлору келип, өкмөткө өткөрүлүп берилди. Эми бул дем алдыруучу аппараттар ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

 

Пандемияга каршы күрөшүү үчүн көрсөткөн жардамы үчүн вице-премьер-министр  «Ас Салам» коомдук фондуна, жалпы волонтерлорго жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн президенттин колдоосу аркылуу «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келип түштү. Алынып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө салымын кошуп жаткан жактарга ыраазычылык билдирем. Биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу өтүп, вирусту жеңип чыгаарыбызга ишенем», - деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөгө донордук жана эл аралык уюмдардан, волонтерлордон келип жаткан гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде ачык-айкын бөлүштүрүлүүдө.

Өз кезегинде «Ас Салам» фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев кошумчалагандай, ушундай кыйын кырдаалда элибиз биримдикте болуп, пандемияга жапырт каршы туруу керек.

«Биз бири-бирибизге жана мамлекетибизге жардам берип, бирибизди бирибиз сындабастан, илдетти жеңип чыгуубуз керек», - деди ал.

 

 

Тэги: гумпомощь кислородные концентраторы больницы Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу