Чакан жана орто бизнестеги өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 40.8 млрд сомду (5.8 млрд $) түзгөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, 9.9% өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
2019-жылдын январь-сентябрында чакан жана орто ишканаларында иштегендердин саны 84,0 миң адамды түзгөн.
«Чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан аткарылган подряддык иштердин көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрында 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 15,6 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге орто ишканаларда иштердин көлөмүнүн төмөндөшү байкалган, ошол эле убакта чакан ишканаларда жана жеке ишкерлерде, ал тескерисинче көбөйдү», - деп жазылат маалыматта.