Кыргыз-жапон өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда

15.03.2024, 09:35 Акчабар
Кыргыз-жапон өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда

Кыргызстан менен Жапониянын каржы министринин орун басарлары Руслан Татиков жана Масато Канда Токиодогу жолугушууда Кыргыз-жапон өнүктүрүү фондун түзүүнү талкуулады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Фонд инвестициянын өсүшүнө, модернизациялоо жана өнөр жайды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жана соода жүгүртүүнү кеңейтүүгө таасир этери күтүлүүдө. 

Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча жапон өкмөтүнүн гранттык программасын (JDS*) ишке ашыруунун натыйжасында алынган адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

“Жолугушууда Кыргызстандын карызын климаттык долбоорлорго алмаштыруу маселеси көтөрүлдү. Жыйынтыгында каржылык башкаруунун маалыматтык системасын реформалоо боюнча тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди”, - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: новости Кыргызстана фонд развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу