Дүкөндөр атамекендик товарларды «Кыргызстанда жасалган» деген текчеге коюшат

19.02.2020, 12:00 Акчабар
Дүкөндөр атамекендик товарларды «Кыргызстанда жасалган» деген текчеге коюшат

Өкмөт атамекендик  өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында дүкөндөргө өзгөчө талап койду. Талапкы ылайык, дүкөн ээлери өлкөдө өндүрүлгөн товарларды «Кыргызстанда жасалган» деген текчеге коюусу керек. Бул тууралуу экономика министрлигинен маалымдашты. 

2020-жылдын 24-январында өкмөттүн «КР аймагында соода ишмердүүлүгүн иретке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизилген. Мындай чечим өлкөдө өндүрүлгөн товарларды сатууга шарт түзүү жана колдоо максатында кабыл алынган.

«Атамекендик продукцияларды брендге айландыруу үчүн соода дүкөндөрүндө Кыргызстанда чыгарылган товарларга өзүнчө текче бөлүп берүү талабы коюлду. Ал текченин үстүнө «Кыргызстанда жасалган» («Made in Kyrgyzstan», «Изготовлено в Кыргызстане») деп жазылуусу шарт», — деп жазылат маалыматта.

 

Соода түйүндөрүнө көлөмүнө жараша төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

- Аянты 50 чарчы метрден жогору болгон дүкөндөрдө товар тизилген текчелердин ар бир катарына атамекендик продукциялар өзүнчө тизилип коюлушу керек;

- Аянты 100дөн 200 чарчы метрге чейинки соода-сатык жайларында товар тизген текчесинин ар бир катарына «Кыргызстанда жасалган" («Made in Kyrgyzstan», «Изготовлено в Кыргызстане») деген жарнамалык конструкция илинип турушу шарт.

- Аянты 200 чарчы метрден жогору болгон соода түйүндөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларга элдин көңүлүн буруу үчүн «Кыргызстанда жасалган» («Made in Kyrgyzstan», «Изготовлено в Кыргызстане») делген маалыматтык такталар, баннерлер илинүүсү абзел.

Аталган механизм өлкөдөн чыгарылган товарлардын импорттук көлөмүн көбөйтүүгө жана соода түйүндөрүнөн көп сатылышына шарт түзөт.

Ошону менен бирге сатуучулар бааны адаттан тыш көтөрүп жибербей, алган товарынын үстүнө 10 пайыздан көп кошпоо талабы коюлган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн эки айдан кийин күчүнө кирет.

Тэги: Өкмөт дүкөн Атамекен товар өндүрүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу