Өлкө ичинен Талас облусунда баанын саны эң жогору көтөрүлгөн

14.10.2020, 10:30 Акчабар
Өлкө ичинен Талас облусунда баанын саны эң жогору көтөрүлгөн

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу республика боюнча керектөөчү баанын саны 2.9% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Муну менен катар тамак-аш азыктары жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баа 5.3% өскөн. Ичимдик жана тамекинин баасы 5.6%, тариф жана калкка кызмат көрсөтүүнүн баасы - 0.2% жогорулаган. 

Азык-түлүктөн сырткаркы товарлардын баалары, ушул жылдын январь-августтагы баасын сактап кала алды. 

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтеринин максималдуу өсүшү Талас облусунда катталды (6,3% га), бул азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын эң чоң жогорулашына байланыштуу (13,8%). 

Тэги: баа Улуттук статистикалык комитет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу