«Оптима Банк» 2019-жылы түшкөн кирешеден дивиденддерди төлөбөйт

25.12.2020, 11:45 Акчабар
«Оптима Банк» 2019-жылы түшкөн кирешеден дивиденддерди төлөбөйт

«Оптима Банктын» Башкармалыгы 2019-жылы түшкөн кирешени дивиденддерди төлөөгө багыттабай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. 

 

 

Маалыматка ылайык, мыйзамдык жана ченемдик талаптарды сактоо, ошондой эле бизнести андан ары өнүктүрүү максатында 1 миллиард 69,2 миллион сом таза кирешени дивиденддерди төлөө үчүн бөлүштүрбөө чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында бөлуштурүлбөгөн сумманын көлөмү 4.9 млрд сомду түздү. 

Кошумчалай кетсек, 2002-жылдан 2007-жылга чейин алап кылынбаган дивиденддердин суммасы 768 миң 561 сомду түзгөн. Бул акцмонерлердин жоктугунан улам болгон. Жалпысынан 33 акционер баалуу кагаздар боюнча киреше алуу үчүн кайрыла алат.

Тэги: Оптима Банк киреше дивиденд банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу