Оренбургдагы кыргызстандыктар Казакстан аркылуу келишет

23.09.2020, 14:45 Акчабар
Оренбургдагы кыргызстандыктар Казакстан аркылуу келишет

Казакстан Оренбург облусундагы жана Башкортостандагы Кыргызстандын жарандарына өз аймагы аркылуу Кыргызстанга келүүсү үчүн транзиттик коридор берүүгө макулдугун берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Башкортостандагы Кыргызстандын жарандарын Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарына жеткирүү боюнча иш алып барууда. Ал жактан алар Оренбург облусунда болгон башка кыргызстандык жарандар менен бирге Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга алынып келет. Чек арадан өткөндөн кийин алар автобустарга отургузулуп, Кыргызстанга жол тартышат.

 

«Кайтуунун каалаган жарандардын саны көп болгондуктан Россия менен Казакстандын чек арасынан өтүү жана Кыргызстанга жол тартуу эки этап менен 24-25-сентябрь күндөрү күндүзгү маал жүргүзүлөт», - деп билдирет министрлик.

 

Министрлик бул транзиттик коридор бир ирет берилип жатканын жана Россия менен Казакстандын чек арасы дагы деле жабык экенин эскертип, Кыргызстандын жарандары аталган эки өлкөнүн чек арасынан өтө албай тургандыгын белгилейт.

Министрлик жер аркылуу Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар Оренбург облусуна автобустар менен келип, жолдо калып калып жатканын билдирет.

Тэги: Казакстан Оренбург облусу Башкортостан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу