“Агроөнөржай комплексин кредиттөө” долбоорун ишке ашырууда “органикалык өндүрүш” кластерине 1 млрд сом каралып, жеңилдетилген насыя алчу дыйкан, фермерлердин жана ишкерлердин тизмеси түзүлүп, банктарга жиберилди. Бул тууралуу Айыл чарба министри берилди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 9 фермер документ тапшырып, 7,5 млн сом насыя алды. Аталган кластердин алкагында дары чөптөр субкластери түзүлдү.
Учурда өлкөдө органикалык продукцияны өндүрүү үч категорияга бөлүнөт:
- эл аралык стандарттар боюнча органикалык продукцияны өндүргөн жана кайра иштеткен 8 кооператив. Пахта, дары чөптөр, өрүк, жапайы каперс, кара өрүк жана чет өлкөлөргө экспорттогон башка өсүмдүктөр өндүрүлөт. Бардыгы болуп 21 миң 149 гектар сертификатталган.
- органикалык продукция чыгарган аймактар (10) жашылча-жемиштерди жергиликтүү базарларга жана дүкөндөргө сатышат жана 6900,92 гектар жер PGS системасы менен сертификациядан өткөн.
Тэги: органикалык өндүрүш насыя кооператив