Орусиядан алынып келаткан 18,5 тонна жемиш Кыргызстанга киргизилген жок

22.01.2024, 12:10 Акчабар
Орусиядан алынып келаткан 18,5 тонна жемиш Кыргызстанга киргизилген жок

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды посту” АМТ өкмөткө караштуу салык кызматы 18,5 тонна жашылча-жемиштерди Кыргызстанга алып келүүдө карантиндик фитосанитардык талаптарды бузуу фактыларын аныктады. 

Алар Орусиядан апельсин, баклажан, грейпфрут, хурма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, кивилерди Кыргызстанга алып кирмек болушкан. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификаттын мөөнөтү бир жыл өтүп, QR код менен текшерүү учурунда башка фитосанитардык сертификатка жазылганы аныкталган.

Ошондуктан, жүк Салык кызматынын атайын камак жайына жөнөтүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн чогултулган маалымат жана материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. 

 

Тэги: Орусия мөмө-жемиш жашылча-жемиш импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу