Ош шаарында базарлар тартипке келтирилет

26.01.2024, 09:40 Акчабар
Ош шаарында базарлар тартипке келтирилет

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев шаардагы тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө учурда аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалыматтар берилди.

"Тиешелүү кызматтарга базарлардын аймагын тез ара ичинде тартипке келтирүү, башаламан соодага каршы туруу, тартип бузгандарга тиешелүү эскертүү жана билдирүүлөрдү берүү, санитардык ченемдердин аткарылышын көзөмөлдөө, унаа токтотуучу жайларда унаалардын кыймылын тартипке салуу боюнча талаптар коюлду", - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: Ош облусу тартип базар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу